Бүгүн, 28-февралда Бишкектеги “Novotel” мейманаканасында кыргыз-түрк бизнес форуму өтүүдө. Ага кыргызстандык жана түркиялык ишкерлер катышууда. Форумда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын алакасы өнүгүп жатканын белгиледи.
“Медицина, туризм, текстиль, өнөр жай жана айыл чарба, тери булгаары иштетүү жаатында жакшы иштер жүрүүдө. 2023-жылы Анкарада Кыргызстандын соода үйү ачылды. Кыргыз алтыны Түркияга жакшы экспорттолууда. 2023-жылы эки тараптуу соода жүгүртүү 1 млрд 500 млн долларды түздү”, – деди ал.