Бишкекте кыргыз прокуратурасынын 100 жылдыгы белгиленүүдө

Автор

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда кыргыз прокуратурасынын 100 жылдыгы белгиленүүдө.
Президент өз сөзүндө прокуратура органдары мыйзам сакчысы, өлкөдө мыйзамдуулукту камсыздоодо прокуратуранын орду зор экендигин белгилеп, прокуратура тармагынын кызматкерлерин, ардагерлерин тарыхый маараке менен куттуктады.
Иш-чаранын жүрүшүндө көзөмөл органынын 100 жылдык тарыхы чагылдырылган видеотасма көрсөтүлүп, маданий концерттик программа уюштурулду.
Ошондой эле иш-чарага министрлер кабинетинин жетекчилиги, Жогорку Кеңештин депутаттары, прокуратура органдарынын ардагерлери жана кызматкерлери катышууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Зеленский Путиндин ракеталык сокку боюнча билдирүүсүнө комментарий берди

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын президенти Владимир Путиндин Днепрге жаңы орто аралыкка учуучу баллистикалык «Орешник» ракетасы менен сокку урулганы тууралуу билдирүүсүнө комментарий берди. Украинанын лидери муну Түндүк Кореядан аскерлерди фронтко жөнөтүү окуясынан кийин жаңжалды күчөтүүгө жасалган экинчи кадам деп атады. “Мен баса белгилейм. Бул жыл ичинде Россиянын жаңжалды күчөтүүгө жасаган […]

Сизге жагышы мүмкүн