Бишкекте кыргыз-орус билим форуму өтөт

Автор

Бишкекте 14-15-октябрь күндөрү кыргыз-орус билим форуму өтөт.

Маалыматка ылайык, аталган форумга Россия менен Кыргызстандын 60тан ашуун окуу жайларынын студенттери катышып, сабактар өткөрүлүп, жогорку окуу жайларынын эң ири көргөзмөлөрү көрсөтүлөт.

Форумдун жүрүшүндө тоо-кен тармагындагы билим берүү, алдыңкы инженердик мектептер жана өнөр жай өнөктөштөрү менен өз ара аракеттенүү, медицина, айыл чарба сектору жана транспорт үчүн кадрлар, мамлекеттик башкарууда жана бизнесте жасалма интеллект, санариптештирүү жана Кыргызстан менен Россиянын өсүп келе жаткан экономикасы үчүн башкы актуалдуу темалар каралат.

Ошондой эле, форумдун алкагында Кыргызстандын окуучулары Россиянын жогорку окуу жайларынын бюджеттик орундарына кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрү, билим берүү программалары, студенттик жашоо, кесиптик өсүү үчүн шарттар жөнүндө маалыматтарды ала алышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бороон-чапкындар президенттик шайлоого таасир эттеби?

Бороондор АКШдагы шайлоо алдындагы күрөшкө олуттуу таасир тийгизген факторлордун бири болуп калды. “The Washington Post” гезитиндеги макалада белгиленгендей “Хелен” жана “Милтон” урагандары АКШга шайлоо кампаниясынын акыркы этабына туш келди. Миллиондогон адамдар шайлоого даярданып жатканда, өлкөдө саясий пикир келишпестиктерди күчөттү. АКШ президенттигине республикачылардын талапкери Дональд Трамп Вашингтон администрациясын “Хелен” ураганынан кийинки […]

Сизге жагышы мүмкүн