Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча КР президентинин кубогу өтөт

Автор

Бишкек шаарындагы Каба Кожомкул атындагы спорт сарайында кыргыз күрөшү боюнча КР президентинин кубогу жана II Дүйнөлүк кыргыз күрөшү боюнча чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Кыргыз күрөш федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-22-23-августа өтө турган иш-чараны Дене-тарбия жана спорт департаменти, Кыргыз күрөш федерациясы жана Эл аралык кыргыз күрөш федерациясы тарабынан уюштурулууда.
“Бүгүнкү күндө 30тан ашык мамлекет каттоодон өтүп, 200 дөн ашык спортчулар келип күч сынашат. Тактап айтсак, пезиденттин кубогунда Америка, Африка, Европа жана Азия мамлекеттеринин алптары күч сынашат. Ал эми кубоктун жалпы байге фонду 1 млн сом жана баш байге балуу таштар менен шөкөттөлүп жасалган калкан”, – деп айтылат маалыматта.
Кыргыз Күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогуна мамлекеттин атынын 2 балбан катышса, II дүйнөлүк кыргыз күрөшү боюнча чемпионатына 16 жана кыз-келиндер арасында 6 балбан күч сынашат.
Дүйнөнүн 17, Европаныны 2, Азиянын 8, Көчмөндөр оюндарынын 2 жана өз мамлекеттеринде чемпион болгон 7 балбандын катышуусу күтүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Акылбек Жапаров өлкө экономикасы өскөнүн ИДП көлөмү 30 млрд. долларга жетүүсү керектигин айтты

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкө экономикасы өскөнүн, 2030-жылга чейин ИДП көлөмү 30 млрд. долларга жетүүсү керектигин Өкмөт кызматкерлеринин жалпы жыйынында айтты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. «2024-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 677 миллиард сомдон ашты, ал эми ИДПнын реалдуу өсүү темпи 8,7%ды түздү. Эгерде Кумтөрдүн салымын эске […]

Сизге жагышы мүмкүн