Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча дүйнөлүк мелдеш өтөт

Автор

22-23-август күндөрү Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыргыз күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин кубогу, II Дүйнөлүк кыргыз күрөшү боюнча чемпионат болот.
Мелдештин биринчи күнү Кыргыз Республикасынын президентинин кубогу үчүн мелдештин алкагында алп күрөш өтөт. Ага Кыргызстандын атынан абсолюттук салмактагы балбандар Бактияр Мирлан уулу жана Бекболот Токтогонов катышат.
Мелдештерге 35 өлкөдөн келген 200дөн ашык спортчу катышары күтүлүүдө. Жалпы
байге фонду 1 000 000 сомду түзөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Курск аймагында Украинанын аскердик комендатурасы түзүлгөнү айтылды

Курск облусунда Украина армиясынын чабуулу уланып жаткан жерде аскердик комендатура түзүлдү. Бул тууралуу жогорку башкы командачынын отурумунда Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский билдирди. Анын айтымында, комендатура коомдук тартипти камсыздоого жана жергиликтүү калктын бардык муктаждыктарын чечүүгө тийиш. Бул мекемени генерал-майор Эдуард Москалев жетектейт. Сырскийдин айтымында, 15-августка карата Украина Куралдуу […]

Сизге жагышы мүмкүн