Бишкекте кыргыз-казак эл аралык айтышы өтөт

Автор

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 30-31-августта төкмө акындардын XVII Эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу Улуттук “Манас” театрынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айтыш Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. 12-августта «Манас» театрынын залында тандоо туру болот (саат 10:00дө).
Айтыштын байге фонду 3 млн сомду түзөт.
Төкмөлөрдүн таймашы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө, Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгына, Токтогул Сатылгановдун 160 жылдыгына, Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына, Алымкул Үсөнбаевдин 130 жылдыгына карата уюштурулат.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж -2024: Суучул Денис Петрашов жарым финалга чыкты

Париж -2024: Суучул Денис Петрашов жарым финалга чыкты Бүгүн, 30-июлда Парижде өтүп жаткан Олимпиадада кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов 200 метрге брасс менен сүзүүдө жарым финалга чыкты. Мелдешке жалпысынан 25 спортчу катышты. Бардык алдын ала жарыштардын жыйынтыгы боюнча эң мыкты 16 спортчу жарым финалга жолдомо алышты. Петрашов 2 мүнөт 10,99 […]

Сизге жагышы мүмкүн