Бишкекте 19-ноябрда Дөлөн Өмүрзаков стадионунда 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын квалификациялык үчүнчү раундунун алкагында Кыргызстан менен Ирандын футбол курама командаларынын беттеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Иран курама командасы тайпадагы күчтүү атаандаштарынын бири болуп саналат.
Оюн саат 20:00до башталат. Ал эми көрүүчүлөр үчүн стадиондун эшиги саат 18:00дон баштап ачык болуп, шоу-программа орун алат. Күйөрмандарды стадиондо семплинг зонасы, фудкорт, мерч сатуулары жана баалуу белектер менен ойноло турган конкурстар күтөт.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын Улуттук курамасы тарыхта алгачы жолу дүйнө чемпионатынын үчүнчү раундунда ойноодо. Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат.