Бишкекте “Кылымдардын үнү” республикалык комузчулардын кароо-сынагы өтөт

Автор

Кыргызстанда “Кылымдардын үнү” республикалык комузчулардын кароо-сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кароо-сынак 20-августтан 7-сентябрга чейин созулат. Аталган кароо-сынак Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана комузчу Самара Токтакунованын 80 жылдык мааракесине карата уюштурулууда.
Министрликтин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Акжол Доранбек уулунун айтымында сынак эки баскыч менен өтөт. Биринчи этабы аймактарда уюштурулат. Анда жаш курактарына жараша ар бир облустан эки катышуучу тандалып алынат. 14 жаштан 25 жашка чейинки таланттар 1-категорияга, экинчисине – 25 жаштан 45 жашка чейинки комузчулар кирет.
Ал эми кароо-сынактын экинчи баскычы 6-7-сентябрь күндөрү Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болот. Анда финалга чыккан комузчулардын арасынан жеңүүчүлөр аныкталып, сынак гала-концерт менен жыйынтыкталат. Сынактын байге фонду 1 млн сомду түзөт.
Белгилей кетсек, “Кылымдардын үнү” республикалык комузчулардын кароо-сынагы элет ичиндеги элдик таланттарды аныктоого багытталган.

Бөлүшүү:
Next Post

Аббас: БУУ Палестина маселесин чече алган жок

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) АКШнын басымынын айынан палестиналык маселени чече алган жок. Бул тууралуу Палестинанын президенти Махмуд Аббас Ново-Огарёвде Россиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушууда билдирди. “1947-жылдан бери БУУ Палестина маселеси боюнча Башкы Ассамблеяда жана Коопсуздук Кеңешинде 1000ден ашуун резолюция кабыл алган. Бирок АКШнын басымынын айынан БУУ өз миссиясын […]

Сизге жагышы мүмкүн