Бишкекте кыз-келиндер арасында футбол боюнча мелдеш өттү

Автор

Бишкектин “Ынтымак” сейил багында кыз-келиндер арасында футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара ЮНФПА жана БУУнун Аялдар уюмунун колдоосу менен уюштурулду. Иш-чаранын башкы максаты — айымдар арасында футболду популяризациялоо, сергек жашоо образын жайылтуу жана футболдун баарына жеткиликтүү экенин көрсөтүү болуп саналат.
Мелдешке эл аралык уюмдардын, Германия жана АКШ элчиликтеринин, мамлекеттик органдардын, бизнес жаатынын өкүлдөрү жана блогерлер катышты.
Тайпалык жана плей-офф баскычтарынан турган мелдеш кызыктуу кармашта жана достук маанайда өтүп, жыйынтыгында “Блогерлер” командасы 3-орунду, АКШ элчилигинин өкүлдөрү 2-орунду, ал эми Дене тарбия жана спорт департаментинин өкүлдөрү 1-орунду ээлешти.Белгилей кетсек, кыз-келиндер арасында мындай масштабдуу мелдеш алгачкы жолу уюштурулду.

Аталган мелдеш Кыргызстандын Айымдар футбол ассоциациясынын жана Кыргыз футбол биримдигинин эгидасы алдында өттү.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 24-сентябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 84 сом 10 тыйын болсо, сатуу 84 сом 50 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 84 сом 25 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн