Бишкекте курула турган 45 миң орундуу футболдук стадиондун долбоору жарыяланды. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармакта баракчасына жазды.
“Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич Бишкек шаарына 45 миң орундуу стадиондун курулуш ишин тапшырган. Анын долбоорлоо (проектиси) жумушу белгилүү чет элдик компаниялар менен биргеликте жасалды. Архитектуралык дизайны улуттук наркыбызга ылайыкталып, боз үйдүн элесин берет. Стадиондо заман талабына ылайык дүкөндөр, эс алуучу жана унаа токтотуу жайлары сыяктуу бардык шарттары каралды. Буюрса алдынкы күндөрү курулуш ишин баштайбыз. Долбоорду УКМК төрагасы, Футбол федерациясынын президенти Камчыбек Кыдыршаевич өз көзөмөлүнө алды” деп жазды Туманбаев.