Бишкекте Курман айт күнү эртең менен коомдук транспорттор акысыз болот

Автор

Бишкекте 16-июнь, Курман айт күнү эртең менен коомдук транспортто жол кире акысыз болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол тыгындарын азайтуу максатында жана борбордогу жолдорду жана ага чектеш объектилерди реконструкциялоо иштерин эске алуу менен бардык жарандарга коомдук транспортто бекер жүрүүнү сунушталат.
Ошентип, 16-июнда шаар тургундары эртең мененки саат 5:30дан 11:00гө чейин муниципалдык автобус жана троллейбустар менен акысыз жүрө алат. Акция шаардын бардык аймагында жеткиликтүү болот.

Бөлүшүү:
Next Post

13-июнда күтүлгөн аба ырайы

13-июнда түнкүсүн Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат. Күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кага айланат. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын […]

Сизге жагышы мүмкүн