Бишкекте коомдук транспорттун жол кире акысы көтөрүлөт

Автор

Бишкек шаардык кеңеши бүгүн, 27-декабрдагы отурумунда коомдук унааларга жол кирени кымбаттатуу мыйзам долбоорун колдоп берди.
Ага ылайык, накталай төлөм менен жол кире 20 сом, “Тулпар” картасы менен 17 сом болот. Ал эми MegaPay электрондук капчыгы менен жол акысын төлөө мурдагыдай эле 11 сом болот.
Маршруткаларда болсо төлөм 20 сом болот.
Жаңы тарифтер токтом расмий жарыялангандан кийин 15 күндөн соң күчүнө кирет.

Бөлүшүү:
Next Post

Криштиану Роналду 2023-жылы голдордун саны боюнча алдыга чыкты

“Аль-Наср” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду Сауд Арабия чемпионатынын 17-турунун алкагында “Аль-Иттихад” командасына каршы беттеште дубль киргизди. Португалиялык футболчу эки голду тең пенальтиден киргизди. Ошентип, Роналду 2023-жылы голдордун саны боюнча алдыга чыкты. Криштиану Роналду жыл ичинде бардык мелдештерде 53 голу бар, португалиялык футболчу Килиан Мбаппе менен Гарри Кейнди артка калтырды. “Манчестер […]

Сизге жагышы мүмкүн