Бишкекте коомдук транспортко накталай төлөм 25 сом болот

Автор

1-ноябрдан тарта Бишкектеги автобус менен троллейбустарда накталай төлөм системасы киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Бишкек мэриясынын билдирди.

Маалыматка ылайык, автобус менен троллейбустарда жол кире накталай төлөнсө 25 сом болот, ал эми накталай эмес төлөмдө (карточка) 11 сом бойдон калат. Маршруткаларга жол кире мурункудай 15 сом болот.

Бишкектин  вице-мэр Максатбек Сазыкулов муну менен элди накталай эмес төлөм системасына көндүрүү мерчемделип жатканын айтып, анда канча жүргүнчү каттаганы, канча акча айланып жатканы так көрүнөрүн кошумчалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Габриэль Гарсиа Маркес: “Өзүмө - өзүм дос болдум”

«Мен эч качан жан досторумду, сонун жашоомду, мээримдүү үй-бүлөмдү ак чачыма же жалпак курсагымга алмаштырбайт элем. Улгайган сайын өзүм менен достошуп, катуу сындабай калдым… Өзүмө – өзүм дос болдум! Кошумча печенье жесем, төшөк салбай жатып алсам же керексиз  нерсени сатып алдым деп өзүмдү  күнөөлөй бербейм. Мен баш аламандыкка  жана жаңылууга […]

Сизге жагышы мүмкүн