Бишкекте “Эбегейсиз ушул күндө, этникалык кыргыз дүйнө” аттуу кол өнөрчүлөрдүн эл аралык көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигине караштуу Улуттук маданий борбордон билдиришти.
Маалыматка ылайык, кол өнөрчүлөрдүн башын бириктирген көргөзмө 16-18-майда Улуттук тарых музейинде өтөт.
Көргөзмө кыргыз элинин улуттук баалуулуктарынын бири болгон кол өнөрчүлүктү сактоо, кол өнөрчүлөргө шык берүү жана колдоо көрсөтүү, чеберледи коомчулукка жана эл аралык деңгээлге алып чыгуу максатын көздөйт.