Бишкекте КМШ мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму өтөт

Автор

Бүгүн, 12-октябрда Бишкек шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында КМШга катышуучу мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму өтөт.

ТИМден билдиришкендей, отурумда КМШга катышуучу мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери 13-октябрда Бишкек шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өтүүчү КМШ Мамлекет башчылар кеңешинин отурумуна даярдык көрүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле КМШга катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

 Криштиану Роналду  99 жолу камчы менен сабалат

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду Ирандын мыйзамдарын бузганы үчүн 99 камчы менен жазаланат. Буга чабуулчунун ирандык майып  сүрөтчүнү кучактап өпкөн сүрөтү себепчи болгон. Атактуу футболчу 19-сентябрда Роналду Азия чемпиондор лигасынын алкагында «Персеполис» менен конокто болгон оюндан кийин ирандык  майып сүрөтчүнү  кучактап өпкөн, муну менен өлкөнүн катаал мыйзамдарын бузган. Ирандын Кылмыш-жаза кодексине […]

Сизге жагышы мүмкүн