Бишкекте КМШ лидерлеринин саммити башталды

Автор

Бүгүн, 13-октябрда Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин лидерлеринин жыйыны өтүп жатат.

КМШнын бул жолку жыйынына Азербайжан президенти Ильхам Алиев, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия президенти Владимир Путин, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев келди. Ал эми Армениянын премьер-министри Никол Пашинян саммитке келген жок.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн лидерлерин “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы конгресс-холлдон тосуп алды.

Тосуп алуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин мамлекет башчылары КМШ Кеңешинин чакан курамдагы жыйынына катышуу үчүн залга киришти.

Белгилүү болгондой, тар жана кеңири чөйрөдөгү сүйлөшүүлөр орун алып, бүгүнкү жыйында соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган чечимдер кабыл алынат.

Бөлүшүү:
Next Post

Мирзиёев Бишкекте Лукашенко менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Бишкекте өтүп жаткан КМШ саммитинин алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко менен жолугушту. Эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланды. Лидерлер өзбек-беларус көп кырдуу мамилелеринин динамикалуу өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилешти.  Өз ара соода жүгүртүүнүн көрсөткүчтөрү өсүүдө, экономиканын түрдүү тармактарында кооперация долбоорлорун ишке ашыруу уланууда.  Маданият, кинематография […]

Сизге жагышы мүмкүн