Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт

Автор

Бишкекте 13-14-январда кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп турат.
Жарманкенин максаты — атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү болуп саналат.
«Жарманкеге катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчү 0555 34 60 60 телефон номерине кайрылып, толук маалымат ала алат», — деп белгилешти министрликтен.
Жарманке Бишкек шаарынын Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде саат 8:00дөн 18:00гө чейин өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Баткенде кыргыз-тажик жумушчу топторунун жолугушуусу өттү

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү. КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен шаарында өткөн. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери […]

Сизге жагышы мүмкүн