Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн колдонууга чектөө киргизилди. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” ишканасы билдирди.
Учурда базаларда негизинен Казакстандын көмүрү сатылууда. Чечим ыш менен күрөшүү үчүн кабыл алынды. Кара-Кечедеги көмүрдүн зыяндуулугу жогору деп эсептелинет. Бийлик Кара-Кеченин көмүрүн колдонууга тыюу салуу менен борбор калаадагы экологиялык абалды жакшыртса болот деп ниет кылышууда.
Буга чейин Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров Кара-Кеченин көмүрүн колдонууга чектөө киргизүү боюнча маселе дээрлик чечилип калганын айткан.