Бишкекте канча мугалим жетишпейт?

Автор

Бишкек шаарынын мектептеринде 496 мугалимдин орду бош. Көбүнчө орус тилдүү мектептерде айрыкча так илимдер — физика, математика, биология боюнча адистер жетишсиз. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында ар кандай мектеп предметтери боюнча 1,3 миңден ашык мугалим жетишпей турганы кабарланган.
Министрликтин маалыматы боюнча, кадрлардын жетишсиздиги эң көп Бишкек шаарында. Ал эми эле Чүй (292), Баткен (137), Жалал-Абад (110) жана Ысык-Көл (115) облустарында мугалимдердин олуттуу жетишсиздиги бар. Ал эми Нарын (17), Талас (71) жана Ош (58) облустарында жана Ош шаарында (42) абал жакшы.
Буга чейин айрым мектептердин жетекчилери мугалимдерди «Лалафо» өңдүү платформалар аркылуу да издеп, аларды иш тажрыйбасына да карабай алганга даяр экенин белгилегени коомдо талкуу жараткан болчу.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте эл аралык жарманке жана аймактык форуму өтөт

Борбор Азия аймагында Кыргызстанда биринчи жолу “Органикалык Экспо – Борбордук Азия” аймактык форуму өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, форумду өткөрүү Айыл чарба министрлиги тарабынан демилгеленген жана ал органикалык айыл чарбаны системалуу түрдө илгерилетүү жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн агроөнөр жай […]

Сизге жагышы мүмкүн