Бишкекте Иран кино күндөрү өтүүдө

Автор

Бишкекте Иран кино күндөрү өтүүдө. Бул тууралуу Киноматография департаментинен билдиришти.
Кино күндөрүнүн расмий ачылышы “Манас” кинотеатрында өтүп, режиссер Абас Асгаринин “Үмүт периштеси” анимациялык тасмасы көрсөтүлдү. Иш-чаранын ачылышына Маданият маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору Акжол Бекболотов, Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хосейн Ядегари, Ирадын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы Маданий өкүлчүлүгүнүн башчысы Абузару Тогани, маданият өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Белгилей кетсек, кино күндөрү 23-25-январь күндөрү өтүп, 2 сеанс менен орун тилинде 5 тасма көрсөтүлөт. Кирүү акысыз.
24-январда режиссер Монир Гейдинин “Виллы” тасмасы көрсөтүлөт. Башталышы саат 12:20да. Тасма 2017-жылы тартылган. Узактыгы 95 мүнөт.
саат 14:10до режиссер Каве Сабагзаденин “Эмада жана Тубанын романтикалык окуясы” тасмасы тартууланат. Тасма 2019-жылы тартылган. Узактыгы 100 мүнөт.
25-январда үй-бүлө жана мамилелер темасына арналган “Сара жана Аида” тасмасы коюлат. Аны 2017-жылы режиссер Мазияр Мири тарткан. Узактыгы 86 мүнөт. Башталышы саат 12:20.
саат 14:10до режиссер Хосейн Дарабинин “Хенас” тасмасы көрсөтүлөт. Убактыгы 100 м. Тасма 2022-жылы тартылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Байден Трамп шайлоодо талапкери болорун моюнга алды

АКШнын президенти Жо Байден Ак үйдүн мурдагы башчысы Дональд Трамп жеңип жаткан Нью-Гэмпшир штатында өткөн праймериздин жыйынтыгына комментарий берди. Азыркы америкалык лидер Politico басылмасына берген маегинде ишкер Республикалык партиядан АКШ президенттигине талапкер болоорун мойнуна алды. “Учурда Трамп алдыдагы шайлоодо Республикачылардын талапкери болору айкын болду”,-деди Байден. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн