Бишкекте ипотекалык турак жай комплексинин курулушу башталды

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-октябрда «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коому тарабынан салына турган «Ынтымак» турак жай комплексинин курулушуна капсула салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18 гектар аянтка 8100 батирлүү 18 кабаттуу үйлөрдү куруу пландаштырылууда. Комплекстин инфратүзүмүндө жолдор, мектеп, 2 бала бакча, жашылдандыруу жана автотоктотмолор камтылып, көп кабаттуу үйлөрдүн 1-кабаттарында коммерциялык жайлар жайгашат.
Президент өлкөдө жалпы аянты 2 миллион чарчы метрди түзгөн 40 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатканын белгиледи. Учурда облустардын борборлорунда көп кабаттуу үйлөр салынып жатканын, кийинки жылдан баштап райондордун борборлорунда, шаарларга көп кабаттуу үйлөрдү куруу башталарын айтты.
«Социалдык жактан аялуу катмардын турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жеңилдетүүгө багытталган атайын программа каралган. Бул программанын алкагында турак жайды жеңилдетилген шартта, баштапкы төлөмсүз, узак мөөнөткө сатып алууга мүмкүнчүлүк берилип жатат», — деди Садыр Жапаров.
Жаңы турак жай комплексиндеги батирлердин жарымы кезекте турган социалдык багыттагы кызматкерлерге жеңилдетилген шартта берилет, калганы курулушка 50% үлүш кошуу шарты менен мигранттар жана башка жарандарга берилет.
Мамлекет башчы 50 пайыз өлчөмүндө алдын ала төлөө зарылдыгын түшүндүрдү, бул каражат кезекте турган кийинки жарандар үчүн тезирээк үй салууга салым болот.
Бүгүнкү күндө Бишкекте 22 573 адам кезекте турат, аймактарда 15 400 адам кезек күтүүдө. Өлкө боюнча 42 316 батир салынууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Чаткалда дайынсыз болгон төртүнчү жарандын сөөгү табылды

Жалал-Абаддын Чаткал районунда дайынсыз болуп жаткан алты адамдын төртөөнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Издөө иштеринин натыйжасында дайынсыз деп табылган 6 жарандын ичинен төртөөнүн сөөгү табылып, тик учак аркылуу Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилди. Калган 2 жарандын издөө иштери дагы эле уланууда. Эскерте кетсек, 9-октябрда Каныш-Кыя айылынын […]

Сизге жагышы мүмкүн