Бишкекте имараттардан бомба табылган жок

Автор

Бишкекте имараттардан бомба табылган жок. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-октябрда Бишкек ШИИББнын “102” кызматына алгач Жогорку соттун, андан кийин Ленин жана Октябрь райондук сотторунун, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин имаратында, андан соң “Азия Молл”, “Айчүрөк” соода жана оюн-зоок комплекстери бомба бар деген билдирүү түшкөн.

Жогорудагы фактылардын негизинде аталган имараттарда жарандар эвакуацияланып,ИИМдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдору тарабынан жеринде тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.

“Натыйжада саат 14:40 карата бул имараттарда эч кандай шектүү жана жарылуучу заттар табылган эмес”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Зеленскийдин ордуна келе тургандардын тизмеси түзүлдү

Украинада Владимир Зеленскийдин Украинанын президенти катары жаңы мөөнөтү жана анын ордуна келе тургандар тууралуу талкуулар башталды.  Бир күн мурда ал өзү талапкерлигин коюуну кааларын билдирип, батыш өлкөлөрүнөн 5 миллиард доллар талап кылганын РИА Новости кабарлаган. Зеленскийдин ордуна талапкерлер активдешкенин  NEWS.ru басылмасы жазды.   Алардын арасында Киевдин мэри Виталий Кличко, Украинанын Куралдуу […]

Сизге жагышы мүмкүн