Бишкекте зер буюмдары көргөзмөсү өтөт

Автор

Бишкекте сегиз өлкөнүн баалуу зер буюмдары коюлган көргөзмө өтөт.  Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Маалыматка ылайык, зер буюмдар көргөзмөсү 9-декабрдан 13-декабрга чейин Бишкекте “ORO Jewelry Expo”  аталышындагы экинчи зергер көргөзмөсү өтөт.

Көргөзмө саат 10:00дөн 22:00гө чейин “Орион” мейманканасында болот.

Анда Careera & Careera, Grant Jewelry, Delta Diamonds, Maxim Demidov, Sanis, ЮД Кабаровских жана башка көптөгөн таанылган дүйнөлүк бренддердин зер буюмдары көрсөтүлөт.

Көргөзмөдө 8 өлкөнүн бренддери катышат. Бул өлкөлөр Кыргызстан, Италия, Испания, Казакстан, Орусия, Австралия, Түркия, Тибет. Бул күндөрү алар 3 миңден ашык:

баалуу металлдардан жасалган, баалуу жана жарым асыл таштар менен жасалган зер буюмдары;

табигый таштар менен зер буюмдары;

нике шакектери;

зергердик сааттар;

кымбат баалуу металлдардан жасалган идиш-аяктар;

бижутериялар жана башка зер буюмдары көрсөтүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Евро – 2024: Чемпионаттын футбол тобуна  микрочиптер орнотулат

2024-жылкы футбол боюнча Европа чемпионаты чыныгы технологиялык ачылыштарды убада кылууда: расмий турнир тобу калыстарга голдорду жана эреже бузууларды жазууга жардам берет. Мындай жогорку технологиялык спорттук жабдууларды Европа футбол союзунун расмий өнөктөшү болгон Adidas компаниясы даярдаган. Өндүрүүчүлөр талаадагы талаштуу кырдаалдарда жардам бере турган топтун кабыгынын астына бир нече чиптерди киргизишти. The […]

Сизге жагышы мүмкүн