Бишкекте жөө күлүктөр арасында жарым марафон өтөт

Автор

Бишкекте XXII Олимпиада оюндарынын коло медалдын ээси, жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган жарым марафон өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  спорттук жарыш 24-сентябрда саат 08:00дө “Газпром” спорттук-эс алуу комплексинен Жайыл-Баатыр №66 көч., старт алат.

Ага ар кайсы өлкөлөрдөн кесипкөй спортчулар жана жөө күлүктөр катышат. Алар: 21 км 97 м, 10000 м, 3000 м, скандинавтык басуу: 10000 м жана 3000 м аралыктарга катышат. Жарыштын катышуучулары ошол эле жерде марага чыгышат.

Жарым марафонду Бишкек шаарынын мэриясы, КРнын Жеңил атлетика федерациясы, “Эл аралык марафондун дирекциясы” коомдук бирикмеси жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы уюштурууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда  Комуз күнү белгиленет

Кыргызстанда 9-сентябрда Комуз күнү белгиленет. Быйылкы иш-чара залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракесине арналат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында КР Улуттук тарых музейи тарабынан көчмө көргөзмө, Кинематография департаменти тарабынан Карамолдо Орозов […]

Сизге жагышы мүмкүн