Бишкекте “Жыл мугалими” сынагы башталды

Автор

Бүгүн, 1-октябрда Бишкек шаарындагы Газпром-Кыргызстан мектебинде “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” сынагы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өтүп, сынак 5-октябрга чейин уланат.
Сынактын негизги максаты – башталгыч, негизги, жалпы орто билим берүү уюмдарынын мамлекеттик жана муниципалдык жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүү. Ошондой эле билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга багытталган кадр саясатын ишке ашыруу үчүн алдыңкы педагогикалык идеяларды жайылтуу, заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу тажрыйбага ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо болуп саналат.
Белгилей кетсек, бул чоң байге коюлган жана мугалимдер жапырт түрдө катышкан биринчи кесипкөй сынак. Биринчи орун алган мугалимге Бишкектен бир батирдин ачкычы тапшырылат.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров Италияга жана Ватиканга расмий сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 2-4-октябрь күндөрү Италия Республикасына жана Ыйык Тактыга (Ватикан) расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “3-октябрда КР Президенти Садыр Жапаровдун Италия Республикасынын Президенти Серджо Маттарелла, Италия Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы Джорджей Мелони, Италия Республикасынын Депутаттар палатасынын Төрагасы Лоренцо […]

Сизге жагышы мүмкүн