Бишкекте жылуулук 22-октябрда берилет

Автор

Бишкекте үйлөргө жылуулук 22-октябрдан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жылуулук биринчи жолу эрте берилип жатат. Бул синоптиктердин абанын температурасынын төмөндөшү тууралуу божомолуна байланыштуу болууда.
Эске салсак, Бишкек мэриясы абанын орточо температурасы 5 күн бою +8 градус болгон учурда жылуулук берилээрин маалымдаган эле.

Бөлүшүү:
Next Post

НАТОнун баш катчысы Украинадагы жаңжалды өзгөртүүгө жөндөмдүү экенин билдирди

НАТОнун Киевге аскердик жардамды координациялоого багытталган жаңы командачылыгы Украинадагы согуштук аракеттерди өзгөртөт. Бул тууралуу НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте түзүлүп жаткан штабына жасаган сапарында айтты. «Жаңы командачылык Украинанын согуш талаасындагы абалын олуттуу өзгөртөт»,-деди. Альянстын маалыматы боюнча, НАТОнун Украина коопсуздугун камсыз кылуу жана аскерлерин даярдоону колдоо боюнча командачылыгы Германиянын Висбаден шаарында […]

Сизге жагышы мүмкүн