Бишкекте жол кирени 20 сомго көтөрүү сунушталууда

Автор

Бишкекте коомдук транспортто накталай эмес төлөмдүн баасын 20 сомго көтөрүү сунушталууда. Токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин орун басары Максатбек Сазыкулов  “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Ал  шаардагы коомдук унаалардын баарына, тагыраагы, автобус, троллейбус жана кичи автобустардын менчигине карабай бирдей баа – 20 сомдон болушу керектиги сунушталганын жана жол кирени көтөрүүнүн зарылчылыгы унаа тетиктери, күйүүчү май кымбаттап, айдоочулардын маянасы дагы 50 миң сомго көтөрүлөндүгү менен түшүндүргөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров: “Кумтөрдүн” элге кайтарылышы – мамлекетибиздеги жаңылануунун башаты

“Кумтөрдүн” элге кайтарылышы – мамлекетибиздеги жаңылануунун башаты, өнүгүүнүн, өзгөрүүнүн алгачкы баскычы”, — деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда, «Кумтөр»алтын кенин иштетүүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып билдирди. Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзүндө төмөнкүлөр айтылды: “Урматтуу мекендештер! Ардактуу жалпы кыргызстандыктар! Бүгүнкү салтанаттуу иш-чаранын кадырлуу катышуучулары! Кыргызстаныбыздын ырысына жаралган “Кумтөр” кени […]

Сизге жагышы мүмкүн