Бишкекте жол кирени көтөрүүнүн мөөнөтү узартылды

Автор

Бишкекте коомдук транспортто жол кире акысын көтөрүүнүн мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда кабыл алынган токтомго ылайык, тарифтер 15-январда кымбаттай турганы расмий кабарланган болчу.
Бишкек мэриясы тарифти жогорулатуу токтомуна эс алуу күндөрүнө байланыштуу кол коюу процедурасы бүтпөй калганын билдирди. Ал бекитилгенден 15 күндөн кийин күчүнө кирет. Токтом качан кабыл алынары учурда белгисиз.
Эске салсак, муниципалитет буга чейин 15-январда жол акысы төмөнкүдөй болорун айткан:
накталай — 20 сом;
накталай эмес төлөм (“Тулпар” картасы) — 17 сом;
мамлекеттик мобилдик оператордун тиркемесин (Megapay) колдонуу менен — 11 сом.

Бөлүшүү:
Next Post

«Сапаттын» окуучулары жана мугалимдери Эл аралык олимпиадада алтын утту

Кыргызстандык 4 мугалим Эл аралык Жаутыков олимпиадасы менен катар өткөрүлгөн IMPACT математика, физика жана информатика мугалимдеринин жана машыктыруучулардын олимпиадасында 1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Эл аралык олимпиада мугалимдердин жана окуучулардын арасында болгон Мугалимдердин арасынан медалга […]

Сизге жагышы мүмкүн