Бишкекте жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Автор

Бишкекте эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, жарыш 27-28-апрель күндөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтүп, ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Катышуучулар төмөнкү аралыктарга чуркашат:
эркектер — 100,200, 400, 800, 1500, 5000 м (400 м ядро ыргытуу, бийиктикке жана узундукка секирүү, найза атуу):
кыз-келиндер — 100, 200 400, 800, 1500, 5000 м (400 м ядро ыргытуу, бийиктикке жана узундукка секирүү, найза атуу):
эстафеталык жарыштар (Mix) — 200, 400 м.
Чемпионат Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Абибилла Кадырбердиев Ош облусунун казысы болуп дайындалды

Абибилла Кадырбердиев Ош облусунун мусулмандарынын казысы болуп дайындалды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. Жаңы дайындалган казыны жамаатка муфтийдин биринчи орун басары Самидин Атабаев тааныштырды. Абибилла Кадырбердиев 1977-жылдын 19-декабрында Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Жаңы-Жер айылында туулган. Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн