Бишкекте борбордук Ала-Тоо аянтта башкы балатыны жасалгалоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын адистери гирляндаларды орнотууда жана жакында майрамдык оюнчуктарды илип башташат.
Буга чейин балатынын каркасын “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери орнотушкан. Жаңы жылдык башкы балатынын бийиктиги 32 метр, диаметри 13 метрди жетет.
Белгилей кетсек, аянтта чоң сейилдөөчү зона пайда болот. Мында толук кандуу жаңы жылдык шаарча түзүлөт. Шаар тургундары жана коноктору үчүн мастер-класстар, флешмобдор, концерттер жана башка иш-чаралар уюштурулат.
Аймакты жасалгалоого 1,5 млн сомго жакын акча каражаты бөлүнгөн.