Бишкекте жаңы жылдык азык-түлүк жарманкеси өтөт

Автор

25-31-декабрь күндөрү жаңы жылдык азык-түлүк продукцияларынын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарманкенин максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат.
Белгилей кетсек, жаңы жылдык жарманке күн сайын саат 09:00дөн кечки саат 18:00гө чейин уланат.
Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана К.Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.
Суроолор боюнча министрликтин кызматкерине байланышсаңыздар болот: 0702 702 000.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого аттанбайт

“Мен президенттик шайлоого катышпайм. Учурдагы президент Садыр Жапаровду колдойм. Башмыйзам боюнча анын экинчи жолу шайланууга укугу бар”,- деди Камчыбек Ташиев 17-декабрда журналисттерге берген пресс жыйынында. “Башка ким бар? Равшан Жээнбековду, Азимбек Бекназаровду шайламак белек? Же, кайрадан Алмазбек Атамбаевди президент кылалыбы”,- деди УКМК төрагасы. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн