Бишкекте жаңы жылдык азык-түлүк жарманкеси уланууда

Автор

Бүгүн, 28-декабрда жаңы жылдык азык-түлүк продукцияларынын жарманкеси уланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарманке 31-декабрга чейин уланат. Жарманкенин максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат.
Белгилей кетсек, жаңы жылдык жарманке күн сайын саат 09:00дөн кечки саат 18:00гө чейин уланат.
Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана К.Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.
Суроолор боюнча министрликтин кызматкерине байланышсаңыздар болот: 0702 702 000.

Бөлүшүү:
Next Post

Жаңы жылдык дасторконго идеяларды издеп жатасызбы? Кеңештер

Жаңы жылдык дасторкон үчүн идеяларды издеп жатсаңыз, бул жерде майрамдык атмосфераны түзүү боюнча бир нече кеңештер бар: 1. Дасторкон жана майлыктар • Майрамдык түстөгү дасторконду колдонуңуз: ак, кызыл, алтын же күмүш. • Жаңы жылдык оймо-чиймелер түшүрүлгөн кездеме же кагаз салфеткаларды кошуңуз (кар бүртүкчөлөрү, балатылар, жылдыздар). 2. • Шамдар: шам кармагычтарга […]

Сизге жагышы мүмкүн