Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында жыл жаңырган түнү фейерверк атылбайт. Мындай чечимди борбор калаанын мэриясы кабыл алганын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы жыл түнү майрамдык концерт гана болот.
Буга чейин жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаңы жылдык салюттарды атпоону сунуштаган.
Экологдордун айтымында, фейерверк экологияга чоң зыян келтирет.
Украинадагы жаңжал, АКШнын жаңы президенти менен мамилелер. Лавров Карлсонго берген маегинде эмнелерди айтты
Жум Дек 6 , 2024