Бишкекте жасалма интеллекти боюнча Түрк тилдүү мамлекеттердин саммити өтөт

Автор

9-10-октябрда Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттердин саммити өтөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты. Саммит жасалма интеллекти боюнча өтөт.
Эки күндүк инновациялык иш-чарада түрк тилдүү мамлекеттердин, Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынн өкүлдөрү, Жасалма интеллекти боюнча алдыңкы серепчилери, бизнес коомчулук, илимий чөйрө жана IT коомчулугунун өкүлдөрү катышат.
Саммитте жасалма интеллекти боюнча жаңы жетишкендиктер, тажрыйба алмашуулар жана жасалма интеллектини мамлекеттик башкарууда, бизнесте, социалдык демилгелерге киргизүүдөгү жаңылыктар талкууланат.
Быйыл июлда Азербайжанда Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкө башчыларынын бейформал саммити өткөн.
Түрк мамлекеттер уюмуна Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия кирет. Байкоочу өлкө катары Венгрия жана Түркмөнстан бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Wildberries кеңсесинде атышкандар согушка макул болду

Өткөн жумада Wildberries компаниясынын Москвадагы борбордук кеңсесинде атышууга катышкандар Басман райондук сотунун камакка алуу чечимин кайра кароону суранышты. Ошол эле учурда алар атайын аскердик операцияга катышуу үчүн келишим түзүү жөнүндө арыздарын бере башташты. Чыр-чатакка катышкандарды камакка алууда тергөөчүлөр кылмыштарды полиция кызматкерлеринин көз алдында атайылап жасаганын билдиришти. Аларга коюлган беш кылмыштын […]

Сизге жагышы мүмкүн