Бишкекте жарым марафон өтөт

Автор

Бишкекте 29-сентябрь күнү «Snow Leopard Run-2024» бешинчи эл аралык кайрымдуулук жарым марафону өтөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чара «Ала-Тоо» аянтында 4500 адамдын катышуусунда башталат.
Жарыш 5 чакырым, 14 чакырым, 21,1 чакырым аралыктарды, ошондой эле 3 жаштан 13 жашка чейинки балдардын жарышын камтыйт.
Жарым марафон борбордук көчөлөр аркылуу өтөт. Буга байланыштуу эртең мененки саат 6:00дөн баштап бир катар жол жабылат:
— Чүй проспектиси Манас проспектисинен Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейин;
— Абдрахманов көчөсү Чүй проспектисинен Иманалиев көчөсүнө чейин;
— Иманалиев көчөсү Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин;
— Масалиев көчөсү Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин.
— Ч.Айтматов проспектиси Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.
Иш-чараны мэриянын колдоосу менен Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурууда.

Бөлүшүү:
Next Post

28-сентябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 28-сентябрга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош облусунун өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда […]

Сизге жагышы мүмкүн