Бишкекте жарнама такталарын демонтаждоо иштери башталды

Автор

Бишкекте жарнама такталарын демонтаждоо иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, демонтаждоо иштерин мэриянын жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы “Тазалык” ишканасы менен биргеликте жүргүзүүдө.
Эски металл конструкциялардын ордуна заманбап LED-экрандар орнотулат.
Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Бишкек мэриясына шаардагы эски жарнамалык такталарды 31-августка чейин LED-экрандарга алмаштырууну тапшырган.

Бөлүшүү:
Next Post

Рафахтагы имараттардын 70 пайыздан ашыгы талкаланды

Израилдин аскердик операциялары Газа секторундагы Рафах шаарында курулуштардын 70 пайыздан ашыгын кыйратты. Шаар мэри Ахмед Суфинин айтымында, израилдик аскерлер “Рафахты жана андагы качкындар лагерлерин системалуу түрдө жок кылышууда. Ал мисал катары толугу менен кыйраган Аль-Сауди районун белгиледи. Суфи ошондой эле, шаардын жана анын инфраструктурасынын 70 пайыздан ашыгы катуу аткылоолордон улам […]

Сизге жагышы мүмкүн