Бишкекте Жапаров менен Путиндин расмий жолугушуусу өттү

Автор

Бишкекте президент Садыр Жапаров менен расмий иш сапары менен келген Орусиянын президенти Владимир Путиндин расмий жолугушуусу өттү.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын астында Кыргызстан жана Орусиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилип, килемдер төшөлдү.

Өлкө лидерлери саламдашкандан кийин эки мамлекеттин гимндери жаңырып, Ардактуу кароол ротасынын командиринин рапортунан соң мамлекет башчылары түзүмдү кыдырып чыгышты.

 

Андан ары Садыр Жапаров менен Владимир Путин өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрү менен тааныштырып, андан кийин Ардактуу кароолдун аскер кызматкерлери мамлекет башчыларынын астынан салтанаттуу өтүштү.

Бөлүшүү:
Next Post

13-октябрда күтүлгөн аба ырайы

13-октябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.   Абанын температурасы: […]

Сизге жагышы мүмкүн