Бишкекте «Жамийла» биринчи улуттук мюзиклинин бет ачары өтөт

Автор

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде даярдалган “Жамийла” биринчи улуттук мюзиклинин бет ачары 12-апрелде өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, «Жамийла» мюзикли – бул оригиналдуу автордук музыка, поэзия, видео контент, көркөм жасалга, заманбап сценография, кыргыздын салттуу маданияты, тарыхый кийимдери, фольклору, хореографиялык, музыкалык жана вокалдык чыгармачылык айкалыштырган көркөм оюн.
Мюзикл 17-апрелге чейин сахнада коюлат.
Либреттонун автору жана коюучу-режиссёру – Виктор Фельд
Композитору- КР Эмгек сиңирген артисти Мурзали Жеенбаев
Ырларды жазган акын- Махаббат Молдалиева
Костюмдар боюнча художник-дизайнер-Дөөлөт Рысбаев
Хореографы- КР Эл артисти Анара Нургалиева
Хормейстери- КР Эл артисти Гульбара Маматова
Башкы сүрөтчүсү – Расул Кочкорбаев
Видео контент- Адан Алимбеков.
Белгилей кетсек, “Жамийла” чыгармасынын жаралганына быйыл 65 жыл толот.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж-2024: Олимпиаданын ачылышында өзгөрүү болбойт

Франциянын президенти Эммануэль Макрон өлкө террордук коркунучуна карабай Олимпиада оюндарынын ачылышын Сена дарыясында өткөрүүгө даяр экенин билдирди. “Крокус Сити Холлдогу” теракттан кийин Франциянын атайын кызматтары өлкөнүн Ички иштер министрлигине Олимпиаданын ачылыш аземин өткөрүүдөн баш тартууну сунуштаган. Салтанат Сена дарыясында спортчулардын салтка айланган парады кайыктарда өткөрүлөт. Жээктин боюндагы жарым миллионго жакын […]

Сизге жагышы мүмкүн