Бишкекте дзюдо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында республика чемпионаты өтөт, деп билдирет Дене тарбия жана спорт департаменти.
Мелдеш “Газпром-балдарга ден соолукту” чыңдоо борборунда 27-28-январь күндөрү өтөт. Ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
Кыз-келиндер арасында: 48, 52, 57, 63, 70, 78, +78 кг,
Эркектер арасында: 60, 66, 73, 81, 90, 100, +100.