Бишкекте ардагерлер күнүнө карата дзюдо боюнча республикалык ачык турнир аяктады.
Муниципалитеттен билдиришкендей, “Дельфин” олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары мелдештин жеңүүчүлөрү болушту.
1-орун – Сабира Кожомбердиева;
2-орун – Самира Жарова;
3-орун – Назик Шарленалиева.
Белгилей кетсек, турнирге Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандан 500дөн ашык спортчу катышты.