Бишкекте “Ден соолук” спартакиадасы аяктады

Автор

Бишкек шаарында мугалимдер арасында “Ден соолук” спартакиадасы аяктады. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, спорттук иш-чарага волейбол, шахмат, тогуз коргоол, стол тенниси жана футбол боюнча мелдештерге борбор калаанын төрт районунун мугалимдери активдүү катышты.
Ленин районунун мугалимдери футбол боюнча 3-орун, шахмат боюнча 3-орун, стритбол боюнча 2-орун, волейбол боюнча аялдар жана эркектер арасында 1-орунга ээ болушту.
Биринчи май районунун мугалимдери шахмат боюнча кыз-келиндер арасында 1-орун, ордо боюнча 1-орун, стритбол боюнча 1-орун, аялдар арасында стол тенниси боюнча 2-орун, волейбол боюнча эркектер арасында 3-орунга ээ болушту.
Октябрь районунун мугалимдери тогуз коргоол боюнча эркектер арасында 1-орун, футбол боюнча 2-орун, шахмат боюнча эркектер арасында 1-орун, шахмат боюнча аялдар арасында 2-орун, стритбол боюнча 4-орун, волейбол боюнча аялдар 2-орунга ээ болушту.
Свердлов районунун мугалимдери эркектер арасында футбол боюнча 1-орунду, эркектер арасында волейбол боюнча 2-орунду жана аялдар арасында 3-орунду, эркектер арасында шахмат боюнча 2-орунду жана аялдар арасында 3-орунду, эркектер жана аялдар арасында тогуз-коргоол боюнча 3-орунду, эркектер жана аялдар арасында стол тенниси боюнча 1-орунду, эркектер арасында ордо боюнча 3-орунду жана эркектер жана аялдар арасында стритбол боюнча 3-орунду ээлешти.
Жеңүүчүлөргө жана байгелүү орунду ээлегендерге кубок, диплом жана медалдар тапшырылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Дагы бир өлкө куралы менен Россияга кол салууга уруксат берди

Германиянын өкмөтүнүн басма сөз катчысы Штеффен Хебестрейт Украина Россиянын аймагына Берлин берген курал менен сокку урууга укуктуу экенин билдирди. «Эл аралык мыйзамдарга ылайык, Украина бул чабуулдардан коргонууга укуктуу экенине баарыбыз ишенебиз. Бул үчүн биз берген куралдарды колдоно алат»,-деди жума күнү Хебестрейт. Ал кайсы курал колдонулушу мүмкүн экенин тактаган жок. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн