Бишкекте «Ден соолук жана биримдик» марафону өтөт

Автор

Бишкек шаарында Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясы «Ден соолук жана биримдик» аталышында жаштар профсоюздук марафонун 18-майда өткөрөт.
Спорттук иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналат. Марафонго 700дөн ашык адам катышат.
Максаты, спортту, сергек жашоо образын жайылтуу болуп эсептелет.
Жарыштын алкагында Чолпон-Ата көчөсү Анкара көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин 5 чакырым аралыкта бардык катышуучулар үчүн аралык каралган. Жарыш саат 9:30да Чокан Валиханов көчөсү 2/14, «Аю Гранд»соода борборунун багыты боюнча башталат.
Жарыштын бардык катышуучулары эстелик медалдар жана белектер менен сыйланат.

Бөлүшүү:
Next Post

Баткен облусуна 4 айда 162,7 млн сом каржыланды

Баткен облусу боюнча 2024-жылдын 4 айында республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 155,8 млн сом өлчөмүндө каржыланган. Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен: Теңдөөчү трансферт – 112,9 млн сом; Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 7,0 млн сом; Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 35,9 млн сом; Мындан тышкары, Баткен […]

Сизге жагышы мүмкүн