Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча мелдеш өттү

Автор

Бишкек шаарында грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык турнир өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, мелдеш “Манас” эпосунун күнүнө карата уюштурулуп, спорттук иш-чарага Россия, Казакстан, Швеция, ошондой эле Кыргызстандын аймактарынан келген спортчулар катышты.

«Эң мыкты жыйынтыктоочу жолугушуу үчүн» турниринин эстелик кубогу төмөндөгүлөргө ыйгарылды:

– 72 кг салмакта Новосибирск шаарынан келген спортчу Грайр Оганесян;

– 82 кг салмакта Казакстандын спортчусу Калтай Дияс;

– 67 кг салмакта Р.Санатбаев атындагы спорт мектебинин спортчусу Сабит Шамшединов;

– 60 кг салмакта «Ак илбирс» спорт мектебинин спортчусу Туратбек уулу Саид.

Белгилей кетсек, иш-чараны Маданият министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгы, Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти, Манас улуттук театрынын жаштар иштери боюнча башкармалыгы жана чыгармачылык тобу уюштурду.

Бөлүшүү:
Next Post

Билим берүү тармагында активдүү санариптештирүү саясаты башталды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров кабыл алынган Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамын ишке ашырууга байланыштуу жыйынга катышты. Бул тууралуу  Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Жыйында Акылбек Жапаров дүйнөдө билим берүү түшүнүгү толугу менен өзгөргөнүн белгиледи. Анын айтымында мугалим окуучуга талантына […]

Сизге жагышы мүмкүн