Бишкекте бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Автор

Бишкекте 19-23-ноябрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Бокс федерациясы тарабынан тиешелүү даражадагы дипломдор жана медалдар тапшырылат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
эркектер: 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 80, 86, 92, +92 кг;
кыз-келиндер: 48, 50, 52, 54, 57, 60, 63, 66, 70, 75, 81, +81 кг.
Мелдеш 19-ноябрь саат 12:00дө башталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: Бүгүн "жымжырттык" күнү

Бүгүн, 16-ноябрда саат 08:00дөн баштап шайлоо алдындагы үгүт иштерине тыюу салынат. Борбордук шайлоо комиссиясы “Жымжырттык” күнү деп аталган бул мөөнөт добуш берүү башталганга чейин 24 саатка созулат жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР мыйзамында каралгандыгын эскертет. Мыйзамга ылайык, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү бардык талапкерлерди жана алардын тизмелерин каттоо аяктаган […]

Сизге жагышы мүмкүн