Бүгүн, 9-декабрда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, чемпионат бокс боюнча жаштар арасында туңгуч дүйнө чемпиону, Кыргызстандын эл аралык класстагы спорт чебери Айбек Абдымомуновдун наамына арналат.
Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категориясында күч сынашат:
Балдар: 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 80, 92, +92 кг;
Кыздар: 48, 50, 52, 54, 57, 60, 63, 66, 70, 75 кг;