Бишкекте “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзам талкууланды. Эмнелер айтылды?

Автор

“Билимдүү Кыргызстан” улуттук демилгеси билим берүү тармагындагы реформаларды жана жаңы “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамы талкуулоо боюнча жыйын өткөрдү. Анда 2023-жылдын 11-августунда кабыл алынган “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдын ишке ашыруу боюнча алгачкы кадамдар талкууланып, ой-сунуштар айтылды.

Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, билим берүү министрлигинин өкүлдөрү, эмгек сиңирген мугалимдер жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышышып, мыйзамдын аткарылышы боюнча пикирлерин айтышты.

Жапаров: “Мугалимдерди кайра окуталы”

Жыйында мыйзам кабыл алынгандан кийинки кадамдар айтылды. Өкмөт башчысы өз сөзүндө магалимдерге басым жасап, аларды кайрадан окутуу керектигин баса белгиледи.

“Бүгүнкү мугалим окуучуга жекече мамиле жасап, багыт берип, маалымататты кайдан алып, кантип өздөштүрүү керектигин үйрөтүшү керек. Ошондуктан билим берүү тутумун цифровизациялоого өтүп жатабыз.  Адегенде ар бир мугалимге ноутбук беребиз. Биз мугалимдерди кайрадан окутушубуз керек. Алар абдан билимдүү болуп, өздөрү тынымсыз окушу керек. Бара-бара ар бир балага комьютер менен камсыз кылып, чет өлкөдө кандай болсо ошол деңгээлге көтөрүүбуз керек”, -деди.

Жанар Акаев: “ 900 миңдей бала бакчаларга барбайт”

Учурда Кыргызстан боюнча балдардын 26% бала бакча менен камсыздай алабыз. Ал эми 75 пайызы  бала бакчаларга барбайт. Санын эсептесек 900 миң бала бала бакчага барбайт. Адегенде ошол 900 миң баланы бакчага алып келип алалы… Ошолорго шарт түзүп, андан кийин тамак-аштарын ойлонолу. Азыр бала бакча ачуу үчүн лицензия жок. Азыр билдирүү менен гана бала бакчаларды ачса болот. Кимде ким бала бакча же жеке мектеп ачам десе жер тилкелерин акысыз берилет. Ошондондуктан учурда ишкерлер азыр көп болууда. Бул иш-чараларды тезинен жасообуз керек”, -деди

Расул Абазбек уулу: “8 багыт боюнча иштер кызуу жүрүүдө”

Ал эми Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу мекемелер аралык жумушчу топ түзүлүп, 8 багыт боюнча кызуу  иш жүрүп жаткандыгын айтты.

Ал  “Жаңы мыйзам жарандык коомдун, эл өкүлдөрүнүн, агартуучулар жана коомчулуктан пикирлерин эске алуу менен даярдалган. Жалпысынан тармактык 5 мыйзам жана аны мененн кошо 3 кодекске ондоп-түзөтүүлөр киргизилди. Мыйзамды кабыл алуу менен бирге эле аны ишке ашырууда чоң эмгекти талап кылат. Учурда мекемелер аралык жумушчу топ түзүлүп, 8 багыт боюнча иш алып барышууда.

  1. Мектепке чейинки билим берүү
  2. Мектептик билим берүү
  3. Мектептен сырткары кошумча билим берүү
  4. Инклюзивдик билим берүү
  5. Кесиптик билим берүүнүн багыттары
  6. Рецензиялоо жана кошумча билим
  7. Билим берүүнү каржылоо
  8. Акредитация жана билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү

Жумушчу топтун ушул 8 багыт боюнча кенири маалымат берди.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, 3-эксперименталдык гимназиянын директору Гапыр Мадаминов сөз сүйлөп, англис тили менен кошо кыргызстандык да агартуучулардын тажрыйбаларын бөлүшүү керектигин айтты.

Айрыкча айыл жергесинен келген агартуучулар да суроо-жооп иретинде талкууга катышышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Time журналы Путинди жылдын адамына талапкер деп тапты

Россиянын президенти Владимир Путин америкалык Time журналынын версиясы боюнча жылдын адамы наамына талапкерлердин тизмесине кирди.  Кыска тизмеде тогуз талапкер бар.  Жеңүүчү 6-декабрда белгилүү болот. Бул наамга талапкерлердин арасында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, рекорддук кирешеге ээ болгон ырчы Тейлор Свифт,  жана OpenAI компаниясынын башчысы Сэм Альтман бар. Бул компания ChatGPT жасалма […]

Сизге жагышы мүмкүн