Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер жана кыз-келиндер арасында бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдештин биринчи күнү килемде күрөштүн эркин стили боюнча беттештер өтүүдө.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашууда:
Кыз-келиндер арасында эркин стиль: 53, 64, 79 кг ;
Эркектер арасында эркин стиль: 58, 63, 69, 76, 83, 91, 100, +100 кг;