Бишкекте батирлердин баасы 25%га кымбаттады

Автор

Бишкекте батирлердин баасы 25% кымбаттады. 2024-жылдын 11 айы менен былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу маалыматты Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги бөлүштү.
Маалыматка ылайык, ордо калаада турак жайдын чарчы метринин баасы жеке типтеги батирлерди кошкондо 1 миң 274 долларды, эсепке албаганда 1 миң 364 долларды түздү.
Ал эми ички ремонт иштери бүтө элек сатылган жеке типтеги батирлер быйыл 7,11%га арзандаган.
Ал эми райондор боюнча алсак, Ленин районунда бир чарчы батирдин баасы 25,6%, Биринчи майда 26,4%, Свердлов районунда 23,6%, Октябрь районунда 24,6% өскөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Германия Украинага тынчтык күчтөрүн жөнөтөбү?

Германиянын Тышкы иштер министри Анналена Бербок Украинанын аймагына ок атышууну токтотуу шартында немис тынчтык орнотуучу күчтөрүн жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жок. Бул тууралуу министр Брюсселде өткөн НАТОго мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынында билдирди. Бербоктун айтымында, ок атышууну токтотуу келишимине жетишилсе, немис аскерлери тынчтыкты камсыздоо үчүн тартылышы мүмкүн. Министр ошондой […]

Сизге жагышы мүмкүн