Бишкекте “Балама жомок” аттуу китеп жарманкеси өтөт

Автор

31-августта саат 14:00дө Бишкек шаарындагы Курманжан Датканын эстелигинин алдында “Балама жомок” аттуу китеп жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын алкагында сынактар, табышмак-викторина, презентация жана мастер-класстар уюштурулат.
Иш-чарада кыргыз тилинде кызыктуу, иллюстрациялуу, сапаттуу китептерди балдарга тил үйрөнүүдө, дүйнө таанымын кеңейтүүдө, ой жүгүртүүлөрүн өнүктүрүүдө эң баштапкы жана негизги курал катары презентация болот.
Балдарды китепке жакындатуу, сүйдүрүү үчүн “Биринчи китебим” аттуу мастер-класс, жомок боюнча табышмак-викторина, ата-энелер үчүн “Жомок айткан ата-эне” номинациялары боюнча сынак, ошондой эле, К.Баялинов атындагы китепкана тарабынан үстөл үстүндөгү куурчак-театр, трафарет менен сүрөт тартуу, “Куликовский” кондитер үйү тарабынан “Жомок каармандарын жасоо” мастер-класстары уюштурулат.
Басма үйлөр тарабынан балдар үчүн китептер жарманкеси болот.
Белгиленгендей, улуттук оюндарды жайылтуу максатында “Биринчи упай оюну” упай эрежелери боюнча мастер-класстар, сүрөт тартуу боюнча сынактар уюштурулуп, балдар үчүн жомок окулат

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ менен БУУнун баш катчысы Израилди карапайым калкты коргоого чакырды

Американын президенти Жо Байдендин администрациясы Израилди Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги жарандарды коргоо үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүгө чакырды. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик департаментинин израилдик The Times of Israel гезитиндеги билдирүүсүндө айтылат. Бир күн мурда Израилдин коргонуу күчтөрү Батыш Шериадагы Женин жана Тулькарм шаарларында «терроризмге каршы» операция башталганын жарыялаган. “The […]

Сизге жагышы мүмкүн