Бишкекте асма жол курулат

Автор

Бишкекте 6 чакырымды түзгөн асма жолду швейцариялык компания курат. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, Манас проспектисин бойлой Жибек-Жолу проспектисинен Түштүк магистралга чейин узундугу 6 чакырымды түзгөн, суткасына 50 миңден 100 миң адамды өткөрө турган асма жолдун курулушу каралууда.
“Бул долбоор туристтик өзгөчөлүк болуп, шаардын транспорттук инфратүзүмүн өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Асма жолдорду куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон швейцариялык компания менен кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлуп, Бишкек шаарында асма жол системасы долбоорун ишке ашыруу планы бекитилди”, – деди калаа башчысы.
Азыркы учурда демөөрчүлөр табылып, 300 миң АКШ доллар бөлүнүп, техникалык-экономикалык негиздеме Ропвей (Ropway) долбоордук группа тарабынан даярдалып жатат. Аталган компаниянын тажрыйбасы чоң, көптөгөн мамлекеттерде, мисалга Германия, Италия, Индияда ушундай долбоорлорду ишке ашырган.

Бөлүшүү:
Next Post

Сауд Арабияда ажылык учурунда каза болгондордун саны миңге жетти

Сауд Арабияда ажылык учурунда каза болгондордун саны миңге жетти. Times of India басылмасы алардын 600дөн ашыгы египеттиктер экенин билдирди. Маалыматка ылайык, Сауд Арабияда ажылык учурунда каза болгон жакындарын жана досторун издеп жатышат. Күндүн табы Меккеде 51,8 градус ысыктын астында буга чейин 900дөн ашуун адам каза болгон. Бул адамдардын көбү катуу […]

Сизге жагышы мүмкүн